Жанылыктар

Ысык-Көлдүн жээгинде Мурас улуттук ат чабыш турниринде Манастын уламыштары жанданат

20.07.2025

Урматтуу кыргызстандыктар жана өлкө меймандары

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кереметтүү көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданында 2025-жылдын 26-июль күнү “Мурас” улуттук ат чабыш оюнуна чакырат!

Бул иш-чара кыргыз элинин энциклопедиясы болгон “Манас” эпосунун рухун, шамал менен жарышкан Аккула, Тайтору өңдүү улмышка айланган күлүктөрдүн образдарын, ат үстүндө түнөгөн чабандестердин ышкыбоздугун жана улуттук нарктын жандуу элесин чагылдырат. 

Сиз бул иш чарада:

  • кызыктуу ат чабыш оюнун;
  • тайманбас баатырлардын таймашын;
  • кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы шоу-программаны;
  • байыркы көчмөндөр маданиятын чагылдырган этникалык образдарды 

Иш-чаранын башталышы – саат 15:00

Атайын коноктор жана концерттин катышуучулары:

  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков;
  • эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү Омар;
  • белгилүү ырчылар: Малика-Дина, Ислам Сатаров, Ахти, Нурчолпон, Иса Өмүркулов, Элера Кабылжан кызы жана Самат Уланбеков;
  • белгилүү этнодизайнер Асель Калканова жетектеген “Аталар изи” командасынын өзгөчө этно-шоусу;
  • эр жүрөк жоокерлер жана ажарлуу кыздар.

Иш-чаранын алып баруучулары:

  • белгилүү куудул Тынар Курбаналиев;
  • телеалып баруучу Гүлназ Каныбек кызы;
  • 8 тилде эркин сүйлөгөн чечен жана маданият элчиси Ian Mugalim.

Кирүү акысыз.

Орундар чектелүү, эрте келүүнү сунуштайбыз.

VESTI.KG - Кыргызстан жанылыктары