Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде TON FEST эл аралык фестивалы өтөт
13.07.2025
Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде 15-августтан 17-августка чейин TON FEST эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Конокторду атактуу "Сказка" каньону жана ROYAL GATE эс алуу борбору кабыл алат.
Иш-чарага Голливуд жылдыздары жана Азия, Европа жана Чыгыштан келген дүйнөгө белгилүү артисттер күтүлүүдө.
Үй-бүлөлүк баалуулуктарга, этномаданиятка жана көчмөн этикетине арналган мастер-класстар уюштурулат.
Трансфер, кемпинг, VIP тейлөө - баары сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн даярдалган.
TON FEST – маданият, музыка жана туризм, баары бир жерде.











